Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:54

Депутат Карамушкина 24.kg менен элдешкен жок


Депутат Ирина Карамушкина 24.kg агенттиги менен элдешпегенин бүгүн Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, ага элдешүү боюнча эч кандай сунуш түшпөгөндүктөн дале болсо агенттиктен 5 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон талап кылууда.

Феврал айынын акырында депутаттын кызматтык унаасынын айдоочусу мас абалында эки кишини коюп кетип, андан бир адам мерт болгон. 24.kg агентигинин журналисти Махинур Ниязова унаанын ичинде депутаттын өзү да мас абалында болгонун Ички иштер министрлигиндеги жеке булактарына таянып жазып чыккан. Ирина Карамушкина бул маалыматты четке кагып, өзү жөнүндө жалган сөз таратты деп журналистти сотко берген. (KKs)

XS
SM
MD
LG