Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Ак-Суудагы жол кырсыгы боюнча мас тергөөчү айыпталууда


Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Бакыт Оморов билдирди. Анын айтымында, кечээ саат 12:30 чамасында Ак-Суу райондук ички иштер башкармалыгына Теплоключенка айылында жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Кырсык катталган жерге ыкчам иликтөө тобу барганда, мамлекетик номери менен “Мазда” маркасындагы автооунаа аныкталып, автоунаанын айдоочусу Марсиана Сартова аттуу аял киши болуп чыкты.

Кырсыктын себептерин аныктоо учурунда айдоочу спирт ичимдиктерин ичкендиги аныкталган. Натыйжада автокырсыктан бир киши мерт болуп, эки адам ооруканага жеткирилген. Марсиана Сартова Каракол шаардык ички иштер башкармалыгында тергөөчү болуп иштээри аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Айыпталып жаткан Сартова менен байланышууга азырынча мүмкүн болгон жок. (MK)

XS
SM
MD
LG