Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Өзбекстан Баткенде айланма жол курулушуна каршы


Өзбекстан Баткендеги Сох анклавын айланып өтүүчү Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен жолун курууга каршы болууда. Бул боюнча Өзбекстан Кыргызстанга нота жөнөткөнүн Баткен облусунун губернатору Жеңиш Разаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өзбек тарап жол курулуп жаткан аймак али тактала электигин, ал жакта өзбек тараптын газ сактоочу корлору бар экенин билдирүүдө. Кыргызстан болсо автожол чек арадан кеминде 15-20 чакырым алыстыкта, өз аймагында курулуп жатканын айтууда. Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча нота келгенин тастыктаган жок.

Өзбекстандын Сох анклавын айланып өткөн бул жолдун курулушу алгач 2007-жылы ашар жолу менен башталган. 2009-жылдын аягы 2010-жылдын башы менен жолдун курулушу эл аралык уюмдардын колдоосу менен уланган. Жол ушул жылдын аягына чейин курулуп бүтүшү керек. (KKs)

XS
SM
MD
LG