Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Кыргызстан-Беларус алакасына Бакиев таасир этпейт


27-июнда Минскиде Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун орун басары Л. Усманова Беларустун башкы прокурору А. Конюк менен кездешти. Тараптар өз ара мамилеге мурдакы президент Курманбек Бакиевдин Беларуста жашап жатканы таасир этпесин, Кыргызстан-Беларус кызматташуусу эки жактуу келишимдерге ылайык өнүгө берерин белгилешти. Ал эми Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү маселелси эл аралык мыйзамдардын алкагында каралары айтылды.

Беларус прокуратурасынын 90-жылдык мааракесинин алкагында өткөн жолгушууга Беларустагы кыргыз элчиси Э. Асаналиев да катышты. Бакиев былтыр жайында Беларус жарандыгын алганын айрым булактар кабарлашкан. Бирок Кыргыз элчилигинин бул тууралуу катына ырасмий Минск жооп берген эмес.

Курманбек Бакиев 2010-жылкы апрель окуяларынан кийин Беларуска чыгып кеткен. Ага 7-апрель окуясы боюнча "тынч жыйынга чыккан элге ок атууга буйрук берген", "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айыптар тагылып, кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. (AU)

XS
SM
MD
LG