Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Египет президентинин кеңсеси ирандык агенттикти сотко берет


Мухаммад Мурсинин кеңсесинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алар Ирандын “Фарс” агенттигин шайланган президент менен жалган интервьюну жарыялаганы үчүн сотко берет. Аталган агенттик Мухаммад Мурси менен деп өткөн аптада жарыялаган интервьюда Мурси Египет менен Ирандын алакасын жакшыртууну көздөөрүн билдирген.

Мурсинин басма сөз катчысы Яссер Алинин ырастоосунда, шайланган президент ирандык агенттикке эч убакта интервью берген эмес жана жарыяланган интервью “жасалма”.

Иран “Мусулман агаиндер” кыймылынын талапкери Мухаммад Мурсинин Египет президенттигине шайлануусун “исламдык ойгонуу” катары кубаттаган.

Мурдагы президент Хосни Мубарактын отуз жылга созулган бийлиги учурунда Иран менен Египеттин мамилеси абдан начар болгон. Бул бир жагынан Египет Ирандын атаандашы Израиль менен тынчтык келишимин түзгөнүнө байланыштуу эле. (UE)

XS
SM
MD
LG