Бишкек шаарынын аймагында жихадчылыктын идеяларын жайды делген Казакстандын эки жараны кармалды. Бул окуя 25-июнда болгонун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы бүгүн “Азаттыкка” билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалгандар коммерциялык ишмердүүлүккө жамынып, аялдарды өз жамаатына тартууга аракет кылган. Жихадчыларды кармоо учурунда экстремисттик маанайдагы китеп, дисктер жана колго жасалган жарылуучу зат табылды. Факт боюнча кылмыш иши козголду. (KKs)