2013-жылы Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүү үчүн Түркия Кыргызстанга берген гранттан 3 миллион доллар бөлүнөт. Бул тууралуу парламенттин жыйынында каржы министри Акылбек Жапаров билдирди. Маалыматка ылайык, мындай чечимди президент Алмазбек Атамбаев кабыл алган. Эки тараптуу келишимге ылайык, Түркия Кыргызстанга 100 миллион кредит жана 6 миллион грант берүүгө макул болгон. (KKs)