Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:12

Радован Каражичтен геноцид боюнча айыптын бири алынды

Каражич Гаагадагы сотто. 11-июнь, 2012-жыл.
Каражич Гаагадагы сотто. 11-июнь, 2012-жыл.
Эл аралык сот босниялык сербдердин мурдагы жол башчысынан геноцид боюнча айыптын бирин алды. БУУнун Гаагадагы эл аралык трибуналы бүгүнкү отурумунда 1992-жылы босниялык серб күчтөрүнүн Босния-Герцеговинада серб эместерди өлтүрүшүнө геноцид деп аныктама бергидей далилдер жетишсиз деп тапты.

Бирок босниялык сербдердин согуш учурундагы лидери Радован Каражичке геноцид боюнча коюлган экинчи айып кала берүүдө. Бул - 1995-жылдын июль айында Сребреница шаарында 8 миңге жакын мусулман эркектер менен балдардын кырылышына байланыштуу.

Мындан сырткары Каражич согуш учурундагы аскерий кылмыштар жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча тогуз пункт боюнча айыпталууда.

1995-жылы аяктаган согуштан кийин 13 жыл бою качып жүргөн босниялык сербдердин мурдагы лидери Каражич 2008-жылы гана кармалган. Анын үстүнөн сот 2009-жылы башталган. (UE)
Куржундар
XS
SM
MD
LG