Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Бириккен улуттар уюму Косоводогу тополоңду айыптады



Улуттар уюму серб улутундагы балдар бараткан автобустарга кол салууну өзгөчө айыптады. Уюмдун Косоводогу өкүлү Фарид Зариф тараптарды сабырдуулукка чакырып, бийликти кечээ күнкү окуяны иликтөөгө үндөдү.

70 чакты серб эки автобус менен Косовонун баш калаасына жакын жердеги диний жана тарыхый жайга баратканда, полиция аларды артка кайтууга мажбурлаган. Натыйжада ортодо чыккан кагылышта 50 киши жараат алган.

НАТОнун маалыматында автобустарга "Молотов коктейли" ыргытылган. Косовонун президенти Атифете Ях Яага мындай топторго келечекте жол берилбей тургандыгын эскертип, "алар Косоводогу коопсуздук кырдаалды начарлатат" деп ырастады.

XS
SM
MD
LG