Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Алматыдан Тамчыга жаңы учак каттай баштайт


Ысык-Көлгө келчү туристтерге шарт түзүү максатында бүгүндөн тарта Алматы-Тамчы-Алматы багыты боюнча Як-42 орто магистралдык учагы каттай баштайт.

Жергиликтүү өнүгүү боюнча ЮСАИДдин программасынан кабарлашкандай, бүгүн таңкы саат 8:30да Тамчы эл аралык аэропорту алгачкы учакты кабыл алды. Бул типтеги учакты кабыл алуу үчүн аталган аба майданында 500 метр кошумча конуучу тилке даярдалды.

Як-42 учагына 102 жүргүнчү батат. Буга чейин Алматыдан Тамчыга чейин машине менен бир саат жол жүрүүгө туура келсе, эми жол жүрүүнүн мөөнөтү 35 мүнөткө чейин кыскарды. Былтыр 48 орундуу Ан-24 үлгүсүндөгү учак Алматы-Тамчы каттамы боюнча уча баштаган эле. (KЕ)

XS
SM
MD
LG