Бүгүн Бишкекте 1-июль – Медицина кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата салтанат өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, шаар тургундарына 46 дарылоо - алдын алуу уюму, 19 үй-бүлөлүк медицина борбору, 5 стоматологиялык, бир студенттик эмкана жана бир канча уюм медициналык жардам көрсөтөт. Аларда 8 миңден ашуун адам иштейт. Бул күнү Бишкек шаарындагы “2011-жылдын эң мыкты медициналык жамааты” сынагынын жеңүүчүсү аныкталат.
30-июнда медицина кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата чоң салтанат Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун катышуусунда өтөт. Анда 400дөн ашуун адам “Cаламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгиси, 150гө жакыны ардак грамота менен сыйланат. (КЕ)