Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Баткенде Сүлүктү көмүрүнүн тоннасы 7-10 миң сомдон сатылууда


Бул тууралуу 28-июнда өкмөттүн селектордук жыйынында айтылды. Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев эки аптанын ичинде кара алтындын баасынын кымбат сатылыш себептерин караштырууну Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине, “Көмүр” мамлекеттик ишканасына тапшырды.

“Жай ортосунда ушундай баада сатылып жатса, кышында эмне болорун айтпай эле койолу. Бул абдан жогору баа”, - деп билдирди Карашев. Кечээ өкмөт 2012-2013-жылдарга карата күзгү-кышкы даярдык маселесин караган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG