Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Фарафонов бүгүн да сотко келген жок


Улут аралык мамилени козуткан деп соттолуп жаткан блоггер Владимир Фарафонов бүгүн да сотко келген жок. Анын коомдук жактоочусу Токтайым Үмөталиева Фарафонов Кыргызстанда эле жүргөнүн, өз коопсуздугунан коркуп, соттук жараянга келбей жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Бүгүн Бишкектеги Биринчи май райондук соту Фарафоновду 3-июлга жылдырылган соттук жараянга күчтөп алып келүүнү буйруду. Ал күнү соттун өкүмү угузулмакчы. Токтайым Үмөталиева Фарафоновдон ишеним кат алганын, ал жок болсо деле сот өкүмүн угуза берсе болоорун айтууда.

Мамлекеттик айыптоочу Фарафоновду сегиз жылга эркинен ажыратууну соттон сурап жатат. Блоггер болсо өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. Буга чейин Фарафоновду орусиялык саясатчы Владимир Жириновский колдоп чыгып, блоггер соттолсо, буга кыргыз эмгек мигранттары жооп берип калышы ыктымалдыгын эскерткен. (KKs)

XS
SM
MD
LG