Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

ЖК тышкы саясатты аныктоо укугун президентке берди


Жогорку Кеңеш президентке тышкы саясатты аныктоо укугун берген мыйзамды кабыл алды. “Мамлекеттик органдардын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” мыйзамга ылайык, мамлекет башчы бийлик органдарынын тышкы саясий иш-аракеттеринин алкагын да тескөөгө алмакчы.

2010-жылы июнда кабыл алынган Баш мыйзамда өлкөнүн ички жана тышкы саясатын өкмөт ишке ашырары жазылганы менен багытты ким аныктары так белгиленбей калган. Натыйжада бул жагдайды жөнгө салуучу мыйзам иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG