Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Сириядагы кырдаал эртең Женевада талкууланат


Президент Башар Асад Сириядагы жаңжалды сырттан кийлигишүү аркылуу жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн четке какты. Иран телеканалына курган маегинде Асад өкмөт элди коргоо үчүн террористтерди жок кылууга тийиш деди.

30-июнда БУУнун атайын чабарманы Кофи Аннандын демилгеси менен Женевада Сирия боюнча эл аралык жыйын өткөрүлмөкчү. Аннан 16 айдан бери тынбай келаткан кан төгүүгө чекит коюу үчүн улуттук биримдик өкмөтүн түзүү планын сунуштайт деп күтүлүүдө. Жолугушууга Иран жана Сауд Арабиянын өкүлдөрү чакырылган жок. Кечээ расмий Анкара Сирия менен чек арага оор техника тартыла баштаганын тастыктады. Мындай чара бир апта мурун түркиялык согуштук учак сириялыктар тарабынан атып түшүрүлгөндөн кийин көрүлүүдө.

Сириядагы абал АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Санкт-Петербургдагы кездешүүсүндө талкууланмакчы. Тараптар Женева конференциясы алдында пикир-келишпестиктер боюнча мунаса табууга аракет кылышат деп күтүлүүдө. Москва Асадды бийликтен кетирүү үчүн сырттан кысымга каршы болууда.

XS
SM
MD
LG