Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:39

Июнь окуясынын жалган “жабырлануучулары” аныкталды


Ош шаарындагы Уюшма кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы соңку эки айда 5 батир жалган документтерди көрсөткөн тургундарга берилгенин аныктады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, азыр беш батирдин экөөсүнүн чоо-жайы такталды. Алардын бири Кара-Кулжа районунун 46 жаштагы тургунуна берилген. Ал тургун аялы июнь окуясы учурунда төрөтканада кансырап, жаңы төрөлгөн баласы менен каза болгонун билдирген. Экинчи батир күйөөсү июнь окуяларында жаракат алып, набыт болгонун айткан Ош шаарынын бир тургунуна бөлүнгөн. Милиция жабырлануучу делген адамдардын документтери убагында толук текшерилбей калганын билдирүүдө. Ушул тапта калган үч факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG