Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Өнүктүрүү банкы келерки жылы ишке киришет


Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2013-жылдын башынан тарта ишке киришет. Бул тууралуу экономиканы өнүктүрүү жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев бүгүн “Азаттыктын” окурмандарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, жылдын акырына чейин уюштуруу иштери жүрмөкчү. Сариев жаңы банкты түзүүнү парламент колдогонун белгиледи.

Жаңы түзүлө турган Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы улуттук, ири долбоорлорду гана каржылайт. Бул банк Улуттук банктын көзөмөлүндө болуп, Жогорку Кеңешке жыл сайын отчет берип турмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG