Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

ИИМ: Жарым жылда жемкордук боюнча 283 кылмыш катталды


ИИМдин Уюшма кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы башкы башкармалыгы жыл башынан бери 283 кызматтык жана экономикалык кылмыш аракеттерин аныктады.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, алардын 112си “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, 74ү “паракорчулук” беренелери менен козголгон.

Кызматтык кылмыштар жалпысынан 117 миллион сомдон ашык чыгым алып келген. Кылмыш иштеринин 208и бюджеттик уюмдардын кызматкерлерине карата козголгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG