Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Бабанов баштаган топ кийинки аптада Кумтөргө барат


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган топ кийинки аптада Кумтөр алтын кенине барып, абал менен таанышып келет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Топтун катарында Жогорку Кеңештин фракция жетекчилери, өкмөт мүчөлөрү жана кенди иштеткен “Центерра Голддун” өкүлдөрү болмокчу.

Өкмөт бүгүн Кумтөрдөгү абалды иликтөөчү мамлекеттик комиссиянын курамын талкуулады. Жогорку Кеңеш эки күн мурда Кумтөр боюнча токтом кабыл алып, өкмөткө кендеги абалды кайрадан иликтеп чыгуу үчүн мамлекеттик комиссия түзүү тапшырмасын берген. (KKs)

XS
SM
MD
LG