Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Түлеев боюнча комиссиянын корутундусу колдоо тапкан жок


Депутат Нариман Түлеевдин кармалышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында колдоо тапкан жок. Спикер Асылбек Жээнбековдун билдиришинче, комиссия дагы бир ай иштеп, корутундусун кайра парламенттин жыйынына алып чыга алат.

Депутаттык комиссия Түлеевди кармоодо айрым мыйзам жоболору бузулганын белгилеп, тартип коргоо органдарынын аракеттерине баа берүү сунушун билдирген. Корутундуга комиссияга кирген төрт депутаттын бири Ыргал Кадыралиева кол койгон эмес.

Нариман Түлеев Бишкек мэри кезиндеги коррупциялык аракеттери үчүн айыпталууда. Ал 21-июндун кечинде суракка келген жок деген жүйө менен үйүнөн кармалып, айрым депутаттардын кийлигишүүсү менен кайра бошотулган. 25-июнда эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Башкы прокуратура аны кармоо учурунда мыйзам бузулбаганын билдирип келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG