Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Парламентте өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси каралган жок


Жогорку Кеңештин бүгүнкү кезексиз жыйынында өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси каралбай калды. Кечки саат алтыларда депутат Каныбек Иманалиев бул маселени жыйындын күн тартибине киргизүүнү сунуштаган. Ал өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн төрт фракциядан 45 депутаттын колу топтолгонун кабарлаган. Бирок Жогорку Кеңештин жыйыны саат кечки сегизге чейин созулуп, бул сунуш добуш берүүгө коюлган жок.

Иманалиев бул маселе боюнча кезексиз жыйын чакырылышы мүмкүндүгүн жыйын бүткөндөн кийин “Азаттыкка” билдирди.

Бүгүн күндүз “Ата-Журттун” лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев өкмөттү кетирүү маселеси боюнча парламентте соодалашуу жүрүп жатат деп билдирген. КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков болсо өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесинин азыр көтөрүлүшү орунсуз жана негизсиз деп сыпаттаган.

Бүгүн Жогорку Кеңештин экинчи сессиянын акыркы жыйыны өтүп, депутаттар сентябрь айына чейин эс алууга чыкты. (KKs)

XS
SM
MD
LG