АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Санкт-Петербургда орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Тараптар Женева жыйынын утурлай Сирияга байланышкан пикир келишпестиктер боюнча мунаса табууга аракеттенишет деп маалымдалган. Буга чейин Орусиянын тышкы мекемеси эл аралык конференцияга Иран, Сауд Арабия, Иордания жана Ливандын чакырылбаганына өкүнүчүн билдирген.
Жыйын БУУнун Сириядагы кризисти жөнгө салуу боюнча арачысы Кофи Аннандын демилгеси менен өткөрүлгөнү жатат. Аннан 16 айдан бери тынбай келаткан кан төгүүгө чекит коюу үчүн улуттук биримдик өкмөтүн түзүү планын сунуштайт деп күтүлүүдө. Бирок Лавров 28-июнда Москва президент Башар Асадды кызматтан кетирүү үчүн сырттан кысымды колдобойт деп билдирген. Сирия оппозициясы Асаддын кетишин талап кылган планды гана жактырарын айтууда.