Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

"Центерранын" директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө сынак жарыяланат


29-июнда өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин “Кумтөр” боюнча токтомун карап жатып, сынак жарыялоо тапшырмасын “Кыргызалтын” ААКка тапшырды. Алар келаткан аптада "Центерра Голддун" директорлор кеңешинин 3 мүчөсүнө сынак жарылайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти Мелис Эржигитов билдирди.

- Сынакка катышкандар сөзсүз түрдө англис тилин эркин сүйлөш керек. Укуктук жана геология тармагында жогорку билимдүү болуусу абзел. Тандоо комиссиясын өкмөттүн уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Айгүл Рыскулова жетектейт.

"Центерра Голддун" директорлор кеңешинин мүчөсү Ниязбек Алдашев өз ыктыяры менен кызматынан кеткени маалым. “Бирок кечээ берилген тапшырма боюнча Кыргызстандын аталган кеңештеги үч ордуна тең сынак жарыяланат”, - деди Мелис Эржигитов.

Ниязбек Алдашевден сырткары директорлор кеңешинде Амангелди Муралиев жана Карыпбек Ибраев бар.

Жогорку Кеңеште “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгү талкууланганда ушул кыргызстандык 3 мүчөгө сын көбүрөөк айтылган болчу.

“Кумтөр” канадалык Centerra Gold Inc. кен казуучу ишканасынын Кыргызстандагы компаниясы. Centerra Gold компаниясында эң көп Кыргызстандын акциясы бар. Ал 33 пайызды түзөт. (AKu)

XS
SM
MD
LG