Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

1-июлга карата аба ырайы


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиришинче, 3-июлга чейин республиканын тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

1-июлда Кыргызстандын айрым аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14-метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 30...35 градус ысык,
Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32,
Баткен облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16 градус, күндүз 24…29 градус ысык.
Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 20…25,
Тоолордо түнкүсүн -1…+4, ал эми күндүз 9…14 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градус ысык болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 30-июндун таңында +20 градус болду. (AKu)

XS
SM
MD
LG