Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Сирия боюнча сүйлөшүүлөр “абдан татаал” жүрүп жатат


Бул тууралуу Женевадан Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг билдирди. Ал кабарчылар менен маегиде Орусия менен Кытайды Сирияда бийликти өткөрүү планы боюнча Батыш өлкөлөрү менен мунасага келүүгө чакырды.

Британ тышкы иштер министри белгилегендей, Батыш өлкөлөрү Сирия президенти Башар Асад саясий өткөөл жараян боюнча планга ылайык, бийликтен кетишин көздөйт. Бирок Асаддын башкы өнөктөшү Орусия бул маселени Сирияга тышкы оюнчулар таңуулабашы керек деген жүйөнү карманат.

Женевада БУУ менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннан чакырган жыйын Сирияда улуттук биримдик өкмөтүн куруу боюнча планды сунуш кылары күтүлүүдө.

Ага БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө беш өлкө, ага катар Түркия, Катар, Кувейт мамлекеттери жана баш катчы Пан Ги Мун да катышууда. (UE)

XS
SM
MD
LG