Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлерди кабыл алуу токтоду


30-июнда саат 18:00дө Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлердин документин каттоо бүттү. 92 адам өз талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев билдирди.

Майчиевдин айтымында, 2-июлда кеңештин жыйынында түшкөн документтер каралат жана оозеки сынактын убактысы белгиленет. Соттор 3 баскычтуу сынак менен тандалат.

- 1-турда тапшырылган документтер текшерилет, андан соң 2-турга өтүшөт. 2-турда болсо аңгемелешүү түрүндөгү сынак болот. Анда кеминде 35 балл топтош керек. Андан өткөндөргө кеңештин мүчөлөрү добуш берип, ошол аркылуу тандалып алынат.

20-июнда Жогорку Сотко 35 судьялык орун үчүн сынак жарыяланган болчу. (AKu)

XS
SM
MD
LG