Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:22

Аннан: Сирияда кан төгүү улануусуна дүйнө державалары да жоопкер


Кофи Аннан Сириядагы кыргызстандык байкоочу Бакыт Алыбеков менен. 29-май, 2012-жыл.
Кофи Аннан Сириядагы кыргызстандык байкоочу Бакыт Алыбеков менен. 29-май, 2012-жыл.
БУУ менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннан Женевада Сирия боюнча жыйындын ачылышында сөз сүйлөп, эгер аталган өлкөдө он алты айдан бери уланып жаткан жаңжалды басуунун жолдору боюнча мунаса табылбаса, адам өмүрүн кыюунун уланышына дүйнө державалары да жоопкер болорун эскертти.

Кабарларга караганда, жыйын бир жагынан Батыш өлкөлөрү, экинчи жагынан Кытай жана Орусия ортосунда олутуу пикир-келишпестик менен ачылды.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг кабарчылар менен маегинде Орусия менен Кытайды Сирияда бийликти өткөрүү планы боюнча Батыш менен мунасага келүүгө чакырды.

Британ тышкы иштер министри белгилегендей, Батыш өлкөлөрү Сирия президенти Башар Асад саясий өткөөл жараян боюнча планга ылайык, бийликтен кетишин көздөйт.

Бирок Асаддын башкы өнөктөшү Орусия бул маселени Сирияга тышкы оюнчулар таңуулабашы керек деп санайт.

Женева жыйынында БУУ менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннан Сирияда улуттук биримдик өкмөтүн куруу боюнча планды сунуш кылары күтүлгөн.

Ага БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө беш өлкө, ага кошумча Түркия, Катар, Кувейт мамлекеттери жана башкатчы Пан Ги Мун да катышууда.

Бул аралыкта Сириядагы бүгүнкү кыянатчылыктардан активисттердин айтымында, кеминде он алты адамдын өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG