Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

УЕФАнын башчысы Польша менен Украинаны мактады


Мишел Платини Европанын быйылкы футбол чемпионатынын конок ээлери: Польша менен Украинанын дарегине жакшы сөздөрүн бүгүн Киевде эртеңки финалдык мелдеш алдында айтты:

- Уюштуруу жана футболдун өнүгүшү жагынан Евро-2012 Европанын чемпионаттары буга чейин калтырган мурастардын эң мыктысы болду. Мендеги бүгүнкү сезим - Украина менен Польша үчүн сыймыктанам.

Орус жана поляк күйөрмандарынын кагылышын, кээ бир улуттук командалардын күйөрмандарынын айрым ындыкара оюнчуларды расалык тегине карап шылдыңдаганын эске албаганда, үч аптага созулган мелдеш негизинен тынч өттү.

Чемпионаттын финалдык оюну эртең Киевде болот. Анда Италия менен Испания беттешмекчи.

Европанын кийин футбол чемпионаты 2016-жылы Францияда өтөт. (UE)

XS
SM
MD
LG