Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун парламент отурумунда билдиргени боюнча, жыл башынан бери 407 бала жоголуп, 364 жеткинчек ата-энелерине кайтарылган, эки баланын сөөгү табылган. Ал эми дайынсыз жок болуп жаткан 43 бала издөөгө алынган.
“Балдар укугун коргоо” лигасы дайынсыз жоголгон балдарды издөөдө милиция алсыздык кылып жатканын белгилеп келет. Аталган уюмдун жардамы менен дайынсыз жоголгон балдардын ата-энелери тарабынан атайын кыймыл түзүлүп, жоголгон балдарды издөө аракети жүргүзүлүүдө. (ZKo)