Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагы согушкер деп шектелгендерди жок кылды


Пакистандын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагы өлкөнүн түндүк-батышында, уруулар жашаган райондо согушкерлердин жайын бутага алган.

“Франс-Пресс” агенттиги пакистандык расмий өкүлдөргө шилтеме жасап, ракеталык эки соккудан согушкер деп шектелген алты адам өлгөнүн кабарлады.

Окуя Ооганстан менен чектеш аймакта болгон.

АКШ Пакистандан уруулар жашаган жана жарым автономдуу Түндүк-Вазирстан аймагын Ооганстанда НАТО аскерлерине кол салган “ал-Каида” жана "Талибан" согушкерлеринин башкы таяныч бекети деп эсептейт.

Ушул шейшемби күнү да бул аймакта учкучсуз башкаруудагы учак урган соккудан беш согушкер жок кылынган. (UE)

XS
SM
MD
LG