Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:32

Жалал-Абадда ВИЧ жуктурган адамдар көп катталууда


Облустук СПИД борборунан “Азаттыкка” маалымдашкандай, быйылкы жылы ВИЧ оорулуу катары расмий катталгандардын саны 38ге жетти. Өткөн жылы мындай оору менен 17 киши каттоодо турган. Маалыматта айтылгандай, ВИЧ илдеттүү адамдардын расмий түрдө көп катталып жатышы – дарыгерлердин эл менен тыгыз иш алып баруусунун натыйжасы.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 4030 ВИЧ оорулуу катталган, анын ичинен 3849 – Кыргызстандын жарандары. Мунун ичинен 2785 эркек, 1064 аял ВИЧ илдеттүү катары расмий каттоого алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG