Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Бүгүн Европанын футболдон жаңы чемпиону аныкталат


Украин борбору Киевдеги мелдеште Европанын 1964, 2008, дүйнөнүн 2010-жылкы чемпиону Испания соңку жетишкендиктеринин тизмесин улантууга аракеттенмекчи.

Ал эми Европанын футбол чемпионатынын финалына үч ирет чыккан Италия континенттин биринчилигин акыркы ирет 1968-жылы багындырган.

Бүгүнкү мелдешке эки өлкөнүн тең премьер-министрлери катышары күтүлүүдө.

Испания менен Италия азыркы чемпионаттын алгачкы айлампасында да кездешип, оюнду 1:1 эсеби менен аяктаган.

УЕФАнын башчысы Мишел Платини финалдык мелдеш алдында быйылкы футбол чемпионатынын конок ээлери: Польша менен Украинанын дарегине мактоо сөздөрүн айтып, эски совет аймагында өткөн алгачкы чемпионат “маанилүү мурас” калтырарын белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG