Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Кенияда чиркөөлөрдөгү жардыруудан он алты адам мерт кетти


Жардыруулар Кениянын түндүк-чыгышында, Сомали менен чек арага жакын жердеги эки чиркөөдө болду.

Полициянын айтымында, бетин чүмкөп алгандар жекшембилик сыйынууга келген адамдар бар христиан чиркөөлөрүнө адегенде граната ыргытышкан.

Чиркөөдөгүлөр коркконунан сыртка жапырт качкан кезде ок ачышкан. Кол салуудан он алты адам өлүп, 40тан ашуун киши жаракат алды.

Куралдуу кол салуу жасалган чиркөөлөр жайгашкан Гарисса шаары Сомали чек арасынан 140 чакырымдай алыстыкта.

Кения өкмөтү былтыр октябрда бул аймакка Сомалинин “ал-Каидага” байланышы бар “ал-Шабаб” тобунун согушкерлери менен күрөшүү үчүн аскер жөнөткөн.

Андан бери Кения бир катар жардырууларга кабылды. (UE)

XS
SM
MD
LG