Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:42

Сирия оппозициясы БУУнун планын сындады


Алар Улуттар уюмунун Сириядагы саясий өткөөл жараян боюнча ишемби күнү Женевадагы жыйынында макулдашылган планын сынга алышты.

Мисалы, оппозиция топторунун башын кошкон Сирия Улуттук кеңешинин өкүлү Бурхан Галион план боюнча сириялыктарга “өзүнүн жасоолдору” менен сүйлөшүүгө туура келерин “шылдыңдоо” деп атады.

Бирок ушул эле топтун дагы бир өкүлү Басма Хадмани планда “позитивдүү элементтер” бар болгонун белгиледи.

Женевадагы эл аралык кеңешмени Сириянын өкмөтчүл маалымат каражаттары да сынга алышты.

Анда БУУнын чабарманы Кофи Аннандын Сирияда өткөөл өкмөт түзүүгө чакырган планы жактырылган. Бирок Дамасктын башкы өнөктөшү - Орусиянын талабынан улам жетишилген мунаса чечим Сирия президенти Башар Асад да бул өткөөл бийликке кириши үчүн эшикти ачык калтырды.

Бул аралыкта кан төгүү уланууда. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун айтымында, өлкө боюнча жекшембиде кеминде 21, ишембиде 30дай кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG