Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Казакстанда


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов кечээ, 1-июлда Казакстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров өзүнүн Твиттер баракчасына жарыялады. Ошондой эле эки өкмөттүн курама командаларынын футболдук таймашы болуп, оюн 2:2 эсебинде жыйынтыкталды.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Казакстанга расмий сапар менен кечээ, 1-июлда барган. Маалыматка ылайык, расмий сапардын алкагында Бабанов казак президенти Нурсултан Назарбаев, премьер-министр Карим Масимов жана “Самрук-Казына” корунун төрагасы Умирзак Шукеев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мындан тышкары кыргыз өкмөт башчысы кыргыз-казак өкмөт аралык кеңештин жыйынына катышмакчы. (KЕ)

XS
SM
MD
LG