Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Спорт журналисттеринин күнү белгиленүүдө


Бүгүн спорт журналисттеринин күнү белгиленип жатат. Спорт темасын жазган кабарчылардын эл аралык ассоциациясы (AIPS) мындан туура 88 жыл мурда, 1924-жылдын 2-июлунда түзүлгөн.

Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясы да бул күндү жыл сайын кичи-футбол ойноп белгилечү. Быйыл, аталган федерациянын коомдук башталыштагы баш катчысы Кабыл Макештин айтымында, боулинг боюнча ич ара мелдеш өтөт. Федерация 1995-жылы түзүлгөн. Анын курамында спортту жазган отуздай журналист бар.

Жыл сайын Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясы экиден өкүлүн түрдүү эл аралык иш-чараларга катыштырат. Өзүнүн сайты жана гезити бар. (RK)

XS
SM
MD
LG