Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Кытайда «Манас» эл аралык фестивалы өттү


Кытайдын Кызыл-Суусунда “Манас” эл аралык фестивалы өттү. Быйыл бешинчи жолу уюштурулган бул иш-чарага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева катышканын “Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фондунан “Азаттыкка” кабарлашты.

Муз-Тоо чокусунун алдындагы деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкан Каракөл боюна атайын майдан даярдалып, ондогон боз үй тигилип, миңдеген киши келди.

Роза Отунбаева белгилүү манасчы Жусуп Мамай менен жолугуп, 95 жаш торколуу мааракеси менен куттуктады, анын “Манас” эпосун сактап, дүйнөлүк коомчулукка кеңири жайылтуудагы зор эмгегин белгиледи.

Кызылсуулук кыргыздар уюштурган бул чоң майрамдын өзгөчө мейманы катары Роза Отунбаева Бозбулуң айылында коюлган Манас баатырдын эстелигин ачуу аземине катышты жана Ак-Чий ооданында жайгашкан “Манас” музейинде болуп, ардактуу меймандар китебине өз каалоо-тилегин жазып калтырды. (RK)

XS
SM
MD
LG