Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Жамбылдан келе албай жаткан кыргыз жаранына жардам көрсөтүлдү


Казакстандын Жамбыл облусунда жайлоодо жалданып иштеп жүргөн кыргыз жаранынын мекенине кайтып келишине жардам берилди. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Ал адамдын аты-жөнү тууралуу ачык маалымат жок.

Кыргыз дипломаттарынын айтымында, Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу ал адамдын эмгек акысын алып берүүгө жана тиешелүү документтерди толтуруп мекенине кайтып келишине көмөктөштү. Миграция боюнча эл аралык уюм да өз жардамын берди. (RK)

XS
SM
MD
LG