Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Ооганстандагы контингенттин башчысы Пакистанда болду


Ооганстандагы НАТО баштаган бейпилдик күчтөрүнүн командачысы, америкалык генерал Жон Аллен 1-июлда Исламабадда болуп кетти. Бул тууралуу пакистандык маалымат каражаттары кабарлашууда.

Генерал Ооганстан менен чек араны ачуу маселесин талкуулады. Маалыматтарга караганда, Аллен Пакистан армиясынын кол башчысы генерал Ашфак Каяни, тышкы иштер министри Хина Раббани Кар жана башка расмий адамдар менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы тууралуу кабарланган жок.

Аллен 26-июнда эле Раванпилди шаарында Каяни менен кездешкен. Былтыр ноябрда НАТОнун аба соккусунан пакистандык 24 жоокер набыт болгондон кийин Пакистан Ооганстанга жүк ташыган НАТОнун унаалары үчүн чек арасын жаап салган.

XS
SM
MD
LG