Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Иран аскерий машыгуу баштады


Иран 3 күндүк аскерий машыгуу өткөрөрүн жарыялады. Расмий маалыматка ылайык, машыгуу дүйшөмбүдө өлкөнүн борборундагы чөлдө башталып, анда сыналчу ракеталардын айрымдары Израил жана Европанын кээ бир өлкөлөрүнө чейин учууга кудуреттүү.

Революциялык сакчылар кеңеши машыгуу Ирандын башка мамлекеттердин кас аракеттерине жооп берүүгө күчү жетерин далилдөөнү көздөйт деп билдирди.

1-июлда Европа биримдигинин Иран мунайына эмбаргосу күчүнө кирди. Бул чара Тегерандын атомдук программасы курал жасоого багытталган деген кооптонуулардан улам кабыл алынган. Уран байытуу иштерин токтотуудан баш тартып келаткан Иран болсо атомдук программасы тынчтык максаттарын гана көздөөрүн айтып келатат.

XS
SM
MD
LG