Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Сирия оппозициясынын сүйлөшүүлөрү Орусияда өтөт


Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Сириянын оппозициялык эки тобу ортосундагы сүйлөшүүлөрдү ушул айдын этегинде уюштурарын билдирди.

30-июнда Женевадагы конференцияда АКШ, Орусия жана БУУ Сириядагы бийликти өткөрүү планын жактырышкан. Долбоордо Асад режиминин жана оппозиция өкүлдөрүн камтыган улуттук биримдик өкмөтүн түзүү сунуш кылынат. Оппозициялык саясатчылар планды шылдыңдоого теңеп, четке кагышты. Ушул тапта Каирде Сирия оппозициясынын 250дөй өкүлү Араб лигасынын демилгеси менен 2 күндүк жыйын өткөрүп жатышат.

Президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп келаткан Сириянын Эркин армиясы аны Дамасктын Орусия жана Ирандагы өнөктөштөрүнүн максаттарына жооп берген “кутум” деп сыпаттады.

XS
SM
MD
LG