Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Балдарды коргоо борбору өкмөткө талап койду


Өкмөт балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын жол коопсуздугун камсыз кылуучу тейлөө кызматынан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Балдарды коргоо борборунун кызматкери Гладис Темирчиева билдирди.

Жыл сайын кароосуз калган жүзгө жакын баланы аталган борбор жайында көлгө алып барып эс алдырат. Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн милициянын жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы атайын унаа менен аларды коштоп барып келчү. Бирок быйыл 10-февралда өкмөт бул кызматты жоюп койду. Тиешелүү токтом 1-июлдан тарта иштей баштады.

Гладис Темирчиева өкмөттүн мындай кадамы түшүнүксүз экенин, анысыз деле жашоосу оор балдарга карата бул мамиле туура эмес болгонун айтууда. Ошондуктан алар өкмөткө кайрылды.

ИИМдин Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы өкмөттүн чечимин "Азаттыкка" тастыктады. Бирок даттануулар көп болуп жатканына байланыштуу балдардын коопсуздугу үчүн мурдагыдай кызматты кайра киргизүү үчүн кошумча токтом долбоору иштелип чыгып, өкмөткө жиберилгени айтылды.

Эгер ал кабыл алынса, Кыргызстандын аймагында бир шаардан экинчи шаарга же облустар арасында каттаган балдардын унаасын мурдагыдай коштоп жүрүү кайра башталат. (RK)

XS
SM
MD
LG