Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Новосибирскте унаа кырсыгында эки кыргызстандык мерт кетти


Орусиянын Новосибирск облусунда унаа кырсыгында эки кыргызстандык набыт болду. Окуя өткөн ишембиде, 30-июнда болгонун бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Новосибирск - Кочки - Павлодар каттамы боюнча бараткан "Тойота" унаасында сегиз киши бар болчу. Алардын экөө - Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу жана Эркин-Тоо айылдарынын тургундары 29 жаштагы Айбек Токтобаев менен 19 жаштагы Адилет Акматбек уулу мерт кеткен. Калган алтооно медициналык жардам көрсөтүлдү.

Кырсыкка кабылган жүргүнчүлөр Бишкектен Новосибирскке жөнөп баратканы аныкталды.

Орус милициясы Кылмыш Кодексинин "жолдо жүрүү жана унаа пайдалануу эрежесин бузуу" деген беренеси боюнча кылмыш иш козгоду.

Набыт кеткендердин сөөгү мекенине бүгүн жеткирилиет. (RK)

XS
SM
MD
LG