Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Укук коргоочулар: Каржы министри Жапаров кызматтан кетсин


Балдардын укугун коргоочу уюмдар Кыргызстандын каржы министри Акылбек Жапаровдун кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Аларды Укук коргоочулар кеңеши да колдоп чыкты.

Укук коргоочулар министр Жапаров Евробиримдик бере турган жардамдан баш тартууда, "себеби анын жеке кызыкчылыктары ишке ашпай калышы ыктымал" деп жатат. Алардын айтымында, Евробиримдиктен бекер берилүүчү жардамды алууга мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын көп мээнети кетти.

Каржы министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, алар аталган долбоор боюнча башкача көз карашта. Себеби Евробиримдик жардамга муктаж болгон балдарга берилүүчү жөлөкпулдун суммасын көбөйтүүгө акчаны бир жылга гана берип жатат.

"Бир жылдан кийин жөлөкпулду көбөйткөнгө 519 миллион сомду Кыргызстан өзү табыш керек экен. Бюджеттин азыркы абалында бул оор. Биз көбөйтүү боюнча башка жол сунуштап жатабыз - жөлөкпул даректтүү болушу зарыл. Ким чынында эле мамлекеттен жардамга муктаж болуп жатканын аныктоо иши күзгө чейин аяктайт", - деди "Азаттыкка" Каржы министрлигинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов. (RK)

XS
SM
MD
LG