Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:15

Пакистан өкмөтү Ооганстанга НАТОнун жабдуу жолун кайра ачууну талкуулайт


Кабарларга караганда, Пакистандын өкмөт жана коргонуу өкүлдөрү бүгүн НАТОнун Ооганстан операциялары үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон ташуу жолдорун кайра ачуу мүмкүнчүлүгүн караганы жатат. Бул жолдор былтыр НАТОнун абадан соккусунда пакистандык 24 аскер набыт кеткенден кийин жабылып калган эле.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бул маселени Пакистандын жаңы өкмөт башчысы Ража Первез Ашраф менен апта соңунда телефондон талкуулаган. АКШнын мамкатчысынын орун басары Томас Найдс Пакистанда сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин 2-июлда Вашингтонго кайтып келди.

XS
SM
MD
LG