Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Арменияда аскер дарыгерин жерге берүүгө жүздөгөн киши келди


"Жогору жак менен табакташ" деп шектелген бизнесмендин кол алдындагы кишилер токмоктоп өлтүргөнү кабарланган дарыгерди акыркы жолго узатууга кечээ Ереванда жүздөгөн киши катышты. Вахе Аветияндын табытын көтөргөндөрдүн артынан армиянын улук генералдары, оппозиция лидерлери жана жарандык активисттер унчукпастан чубап өтүштү.

Коомдук ишмерлер 17-июнда Аветян менен кошо дагы эки армия дарыгеринин таасирлүү ишкер Рубен Хайрепетянга тиешелүү болгон ресторанда сабалышын айыпташкан. Анын аралыгында, активисттер Харапетян менен катар башка бизнесмендердин жазыксыз кала беришине нааразылык билдиришти.

2-июлда жүздөгөн активисттер Аветияндын сөөгү коюлган Ереван көрүстөнүнөн чыгып, баш прокурордун кеңсесине жүрүш жасашты.

XS
SM
MD
LG