Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Сот Фарафонов боюнча өкүмүн угузат


Бишкектеги Биринчи май райондук соту улут аралык кастыкты козуткан деп соттолуп жаткан блогер Владимир Фарафоновду бүгүнкү күнгө белгилеген соттук жараянга күчтөп алып келүүнү 29-июнда буйруган. Бүгүн соттун өкүмү угузулмакчы.

Акыркы эки соттук териштирүүгө Фарафонов келген эмес. Анын коомдук жактоочусу Токтайым Үмөталиева Фарафоновдон ишеним кат алганын, ал жок болсо деле сот өкүмүн угуза берсе болоорун “Азаттыкка” билдирген болчу.

Мамлекеттик айыптоочу Фарафоновду сегиз жылга эркинен ажыратууну соттон сурап жатат. Блогер болсо өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. Буга чейин Фарафоновду орусиялык саясатчы Владимир Жириновский колдоп чыгып, блогер соттолсо буга кыргыз эмгек мигранттары жооп берип калышы ыктымалдыгын эскерткен. (KЕ)

XS
SM
MD
LG