Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

Түлеевдин адвокаты Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылды


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин адвокаты Султан Баратов “Азаттыкка” кабарлады. Мындан сырткары Түлеевди коргоо комитети дагы депутатты камоо саясий чечим болуп калганын айтып Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгына кайрылды.

Депутаттын баш коргоо чарасын караган Бишкектин Биринчи Май райондук соту 26-июнда Нариман Түлеевди Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына эки айга - 21-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Эми адвокат Баратов Биринчи Май райондук соттун чечимин жокко чыгарууну өтүнүп жатат.

Бишкектин мэри болуп турган кезинде Кытайдан автобус сатып келүүдө анын баасын ашыкча көрсөтүп, акчаны өз пайдасына колдонду деп айыпталган Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясынын депутатын Башкы прокуратура суракка келбегенине негиздеп, 21-июнда кечинде үйүнөн күч менен кармап кеткен. Түн оогондо Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын кийлигишүүсүнүн натыйжасында кайра бошотулган. Кылмыш кодексинин 303-беренеси боюнча (коррупция ) айыпталып жаткан Түлеев 23-июнда кайра суракка келип, 48 саатка камалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG