Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Кетмен-Төбөдө орусиялык туристти издеп жатышат


Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда орусиялык туристти издеп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” айтымында, 28-июнда Токтогул суу сактагычына орусиялык жарандар дем алганы келген. 1983-жылы туулган Виталий Якубцов дайынсыз жоголгону тууралуу бирге жүргөн шериги Артем Рябченко жергиликтүү милицияга 30-июнда кабарлап кайрылган. Бүгүн таңга жуук Кетмен-Төбө айыл аймагынын Ак-Тектир айылына Токтогул шаарчасындагы Куткаруу кызматынан жети куткаруучу жана Токтогул районунун акимининин орун басары чыгып кетишти. (RK)

XS
SM
MD
LG