Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Ош - Сүлүктү унаа жолу буулду


Бүгүн Оштун Ноокат районуна караштуу Бел айылында жергиликтүү тургундар Ош - Баткен - Сүлүктү унаа жолун бууду. Бул тууралуу "Азаттыкка" окуянын күбөлөрү кабарлашты. Өзүн Нургазы Асанов деп тааныштырган жаран нааразылык акциясына 20-30 киши катышканын, алар Ош - Сүлүктү жолу керектен чыгып калганына нааразылык билдиргенин айтты.

Ноокат райондук акимчилигинен "Азаттыкка" бул маалыматты тастыктап, акция бир саатка уланганын, азыр жол ачык экенин кабарлашты.

"Элүүдөй адам жолду бир сааттай бууп турду. Алар менен сүйлөшүү жүргүзүп, кайра тараттык. Жолду оңдоо иштерин 15 күндүн ичинде баштабасаңар кайра чыгабыз дешти", - деп кабарлашты акимчиликтен.

Бишкектен, Оштон Баткенди көздөй кара май ташыган оор жүк ташуучу унаа жолду бузуп жатканына нааразылардын акциялары буга чейин да бир нече жолу өткөрүлгөн болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG